Перулук жеңил атлетчи Кимберли Гарсия спорт жүрүшү боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту

Перулук жеңил атлетчи Кимберли Гарсия спорт жүрүшү боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту. 29 жаштагы спортчу 35 чакырымдык дистанцияны 2 саат 37 мүнөт   44 секундда басып  өттү.

 

Буга чейинки дүйнөлүк рекорд россиялык Клавдия Афанасьевага таандык болчу. Ал бул аралыкты 2 саат 38 мүнөт 24 секундда баскан. Рекорд 2019-жылдын февраль айында орнотулган болчу.