АКШда аял байыганын билбей жүрө берген

АКШда аял байыганын билбей жүрө берген. Миссури штатынын тургуну лотерея билетин сатып алганын такыр унутуп койгон. Ал аны капысынан эле таап алып, текшерип көргөндө 50 миң доллар же 3 миллион сомго жакын утуп алганын билди.

 

Капысынан келген байлыкка ишене албай жүргөн учуру, аял акчаны кредиттерин жабууга жумшай турганын айтты.