Антарктидада күн жылып, рекорд койду. Материктин түндүк аймагында абанын температурасы 18,3 градуска жетти. Бул байкоо жүргүзүлө баштагандан берки рекорддук көрсөткүч экенин “Известия” жазат.
Буга чейинки мындай жогорку көрсөткүч 2015-жылдын март айында катталган. Анда термометр 17,5 градусту көрсөтүп таң калтырган болчу. Адистердин айтымында, акыркы 50 жыл ичинде Антарктидада абанын температурасы үч градуска жогорулаган. Буга климаттын өзгөрүшү себеп экени белгиленет.