Өзбекстанда  күнүнө 10 миң кадам жүргөн адамга өкмөттөн 3 миң сум берилет

Өзбекстанда  күнүнө 10 миң кадам жүргөн адамга өкмөттөн 3 миң сум берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду. Жаңы планга ылайык, күнүмдүк акы чогулуп отуруп, ай сайын ар бир райондо жана шаарда эң көп жөө жүргөн кишиге 300 миң сум ыйгарылат.

 

Ал эми облустагы эң көп жөө баскан адам 500 миң сум, республика боюнча эң көп баскан жаран миллион сум алат. 3 миң сум — кыргыз валютасында 25 сомдун тегерегиндеги акча болот. Сыйлыкка каражат бюджеттен бөлүнөт.