Португалия ковидге каршы чектөөлөрүн алып салды

Португалиянын бийлиги башка өлкөлөрдүн артынан чет элдик туристтер үчүн COVIDге каршы бардык чектөөлөрдү жокко чыгарды.

Жаңы эрежелерге ылайык, саякатчылардан мындан ары коронавирус вакцинасынын сертификатын же ПЦР тестин көрсөтүү талап кылынбайт.

Мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалга жана калк арасында эмдөөнүн жогорку деңгээлине байланыштуу кабыл алынды.