Коронавирус менен ооругандар 1 миллион 273 миңден ашып, каза болгондор 70 миңге чукулдады

6-апрелге карата дүйнө жүзүндө «Ухан вирусу» менен жабыркагандардын саны 1 миллион 273 миң 794 болду. Айыккандардын саны — 260 миң 193, каза болгондор — 69 миң 419.

 

Коронавирус тездик менен жайылып жаткан АКШда 337 миң 274 жаран жабыркап жатат. 17 миң 448 жаран илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 9 миң 633 адам каза болду.

 

Испания вирусту жуктургандардын саны боюнча азырынча Италияны артта калтырды. 6-апрелге карата бул өлкөнүн 131 миң 646 жараны вирусту жуктурганы аныкталды. 38 миң 80 жаран оорудан арылса, 12 миң 641 адам каза болду.

 

Ал эми Италияда 128 миң 948 адам вирус жуктуруп, анын 21 миң 815и айыгып, ооруканадан чыгарылган. 15 миң 887 адам вирустан көз жумду.

 

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.