Мексиканын бир шаарынын мэри аллигаторго үйлөндү

Мексиканын бир шаарынын мэри аллигаторго үйлөндү.

Сойлоочу майрамга үлпөт көйнөк менен катышты.

Коопсуздук үчүн анын жаактары таңылган.

Интернетте тараган видеодон күйөө бала аллигатор менен кучакташа бийлеп, аны колунан кармап, жаныбардын бетинен өөп жатканын көрүүгө болот.

Салтанат шаан-шөкөт менен коштолду.

Белгиленгендей, бул шаардын мэрлери 18-кылымдан бери сакталып келе жаткан салт боюнча жыл сайын сойлоочулар менен үйлөнүшөт.

Бул балыкчыларга ийгилик алып келет деп эсептешет жергиликтүүлөр.