Улуу Британияда карантин дагы 3 жумага узартылды

Улуу Британияда карантин дагы 3 аптага узартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
«Азыркы тапта ар бир кабыл алынган чечим өлкөлөрдө болгон абалды курчутуп жибериши мүмкүн. Ал эми көрүлгөн чаралардын жумшартылышы оорунун жайылышынын күчөшүнө алып келет. Мындан улам карантинди абал турукташканча дагы 3 аптага узартуу чечими кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.
Британияда коронавирустан каза болгондордун саны 13 миң 729 адамга жеткен. Ал эми аны жуктуруп алгандардын саны 103 миң 93кө жеткен.