Парламенттик шайлоодо берилген добуштар кол менен саналып бүттү.
БШКнын маалыматына ылайык, бардык шайлоо тилкелериндеги протоколдор алынды.
Кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке алдын-ала алты партия өтөт.
Партиялардын өкүлдөрүнө 54 мандат каралса, бир мандаттуу округдагы жеңүүчүлөр
үчүн 34 мандат берилет. Ваканттык орунда эки мандат калууда – Свердлоа жана
Биринчи май округдары боюнча. Аталган округдарда “барына каршы”
графасы алдыга чыгып кеткен үчүн кайра шайлоо өтүшү күтүлүүдө.