Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге күрөө акысын төлөө мөөнөтү айтылды.
Партиялар – 1 миллион сом, ал эми бир мандаттуу талапкерлер – 100 миң сом деп орнотулган
сумманы 18-октябрь, кечки саат 6га чейин төлөшү керек, — дешти БШКдан. Андан тышкары,
округ боюнча жарышка аттангандар каттоодон өткөндөн кийин шайлоо фондун ачышы зарыл.
Добуш берүүгө катышууну каалаган бир мандаттуу талапкерлерден арыздарды
кабыл алуу 6-сентябрда аяктайт. Ал эми шайлоо 28-ноябрга белгиленди.