Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы кайра жанданды

Бүгүн, 7-февралдан тартып Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы кайра жанданды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданы билдирди. Буга чейин «Тез Жет» авиакомпаниясы Бишкектен Баткенге аптасына бир жолу – ар шейшемби сайын каттап турары маалымдалган.

«Баткен» аэропорту былтыр 1-августта аэродромдогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 2026-жылга чейин өлкө аймагындагы ички жана эл аралык аба майдандар жаңыланып, ички каттамдар жанданарын да айткан.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – «Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол» жана «Баткен» эл аралык, ал эми алтоо –»Жалал-Абад», «Исфана», «Караван», «Казарман», «Нарын» жана «Талас» аймактык деген макамга ээ.