Быйыл мектептерге электрондук каттоо 11-апрелде башталат.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында,
балдарды 1-класска кабыл алуу республика боюнча электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Жусупбекова белгилегендей, “Электрондук каттоону” киргизүүнүн негизги
максаты – баштапкы билим берүүдө бардык балдардын укугун бирдей камсыздоо.
Система 3 жылдан бери сыноодон өттү. Анын ишине адамдар кийлигише албайт.