Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду.

 

Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, документ  саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын медицина кызматкерлерине, анын ичинде өзгөчө абал киргизилген учурларда иштегендерге кепилдик жана компенсация белгилөө максатында иштелип чыкккан.

 

Кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан медицина кызматкерине ээлеп турган кызмат орду боюнча  10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.