Эртең Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүк электр” ишканасынын маалыматына ылайык, саат эртең мененки 9дан кечки 5ке чейин
Ахунбаев, Дэн Сяопин көчөлөрүндө жана Чыгыш, Төмөнкү Чүй, Беловодск, Чалдовар, Ак-Бешим
айылдарында жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.