Коронавирус инфекциясынын белгилери менен бейтаптар сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылышы керек

Коронавирус инфекциясынын белгилери менен бейтаптар сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылышы керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

 

Анын айтымында, вирус менен ооруканага кайрылгандардын арасында жаштар көбөйүүдө. Алар ооруга олуттуу карабай, өз алдынча дарыланышкандыктан, дарт өрчүп кеткен. Министр кыргызстандыктарга санитардык нормаларды сактоогну сунуштады.