Референдум өткөрүү 10-январга белгиленди

Референдум өткөрүү 10-январга белгиленди.

Тиешелүү мыйзамга Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.

Президент аппаратынан билдиришкендей, референдумда кыргызстандыктар башкаруунун

президенттик же парламенттик түрүн тандашы керек. Мыйзам расмий жарыяланган

күндөн тартып күчүнө кирет. Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеш

“Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду дайындоо жөнүндө”

мыйзам долбоорун биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда жактырды