Кыргызстанда дем алыш күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда дем алыш күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 26-июндан 28ине чейин

өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу аймактарга

кар жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерге мөндүр түшөт. Айрым райондордо батыштан

соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетиши ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба, транспорт, энергетика жана

коммуналдык кызматтардын иштерине кыйынчылык жаратат.