Президенттик администрациянын реформа бөлүмүн Аскар Бешимов жетектейт

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, ошол эле учурда реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу Бешимовдун өзү “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-октябрда кол койгон.

Президенттик администрация бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Аскар Бешимов 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого “Улуттар биримдиги” партиясынын тизмеси менен баруудан өз эрки менен баш тартканын ырастады.

Ал дипломатия тармагында иштеп топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Бешимов парламенттик шайлоого «Намыс жана Тартип» коалициясынын алкагында “Улуттар биримдиги” партиясынын тизмесинде барары 11-октябрдагы курултайда маалым болгон

Коалицияга «Ар-Намыс», «Улуттар» биримдиги», «Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы» жана «Мекендештер», «Элдик көзөмөл», «Көзөмөл», «Мекен сакчысы» кыймылдары кирген.