Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Агитация 27-ноябрга чейин уланып, добуш берүү 28-ноябрда өтөт. Шайлоого катышуучу саясий партиялардын жана бир мандаттуу округдардан катышкан талапкерлердин бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак 30-октябрда кармалат.

 

Бул ирет Жогорку Кеңеште  90 депутат болот.

 

Анын 56сы партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын митинги башаламандыкка айланып, бийликтин алмашуусу менен аяктаган.