Бишкектеги массалык уулануу иши күч түзүмдөрүнө берилди

“Империя пиццы” кафесинин тамагынан уулануу иши боюнча маалыматтар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) жана Бишкек шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамад Мурзашев “Азаттыкка” билдирди:

“Империя пиццы” кафесинин тамагына ууланган адамдар боюнча бардык маалыматтарды 25-октябрда Бишкек ШИИБине жана шаардык прокуратурага бергенбиз. Эми бул окуя боюнча кандай чара көрүлөт, алардын иши. Биз бардык тамак-аштын жана чийки азыктардын анализин алып жатабыз. Жыйынтыгын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы атайын комиссияга өткөрүп беребиз”.

Махамад Мурзашевдин айтуусунда, “Империя пиццы” кафесинин тамагына ууланганын айтып, Бишкектеги ооруканага кайрылгандардын саны 28-октябрда 300гө жетти. Мындан тышкары Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Кант райондорунан, Кара-Балта шаарынан да аталган кафенин тамагына ууланганын айтып, бейтапканага 20 чакты адам кайрылган.

Жалпы уулангандардын ичинен кырк чамалуусу балдар, алардын 21и ооруканада.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканын кабарлады.

Бишкек ШИИБ жана прокуратурасы “Азаттыктын” бул боюнча суроосуна жооп бере элек.

Уулангандар 22-23-24-октябрь күндөрү «Империя пиццы» кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон.

Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда кафени убактылуу жапты. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек. Алдын ала жыйынтыктар 29-октябрда чыгары айтылды. Адамдардын жапырт уулануусунан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланган.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишкен. 25-октябрда өкмөттүн 2018-жылы ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу салган тыюусу алынганы кабарланды.