Референдумдун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгарылат

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча өтө турган референдумдун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгарылат.

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Ал эми референдум тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына

жыйынтык белгиленген күндөн тартып 2 жума аралыгында белгилүү болот. Белгилеп кетсек, жергиликтүү

кеңештерди шайлоого жана жалпы элдик добуш берүүгө жарандардын эки башка тизмеси түзүлөт.

Добуштар дагы эки бөлөк саналат. 448 жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана референдум бир күндө 11-апрелде өткөрүлөт.