Интернетте эликтин арстандан качкан видеосу популярдуу болууда

Интернетте эликтин арстандан качкан видеосу популярдуу болууда. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазып чыкты.

 

Видеодо элик көлмөдөн суу ичип жатканда, ага жырткыч капысынан кол салганын көрсө болот. Алгач элик качымыш болуп, дароо багытын башка жакка буруп качып кетет.

 

Ал эми арстан анын мындай тез аракетине реакция берүүгө жетишпей, алаңдап калганы көрүнөт. Видео качан жана кайсы өлкөдө тартылганы белгисиз.