Жалал-Абадда социалдык шаарча курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, 100дөн ашык үй-бүлө акысыз турак-жайга ээ болот. Үйлөрдөн тышкары, аймакта бала бакча, тигүү цехи, мектеп жана башка социалдык объектилер курулат.
Социалдык шаарчанын ачылышы ушул жайга белгиленди.