Президенттикке талапкерлер кол топтоо боюнча барактарын 3-декабрга чейин тапшырышы керек

Президенттикке талапкерлер кол топтоо боюнча барактарын 3-декабрга чейин тапшырышы керек. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, талапкерди колдогон жарандардын саны 30 миңден кем эмес жана  60 миңден көп эмес болушу шарт.

 

Андан кийин комиссия аларды текшерет. Иштерге сертификациядан өткөн адистер тартылат.

 

Эске салсак, президенттикке талапкерлерди каттоо 14-декабрга чейин жүрүп, андан кийин үгүт кампаниясы старт алат.