Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар банктагы эсептерине акча которо башташты

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар

банктагы эсептерине акча которо башташты. Боршайкомдун сайтындагы

маалыматка караганда, 20-июлга карата 43 партиянын 41и 2 банктан эсеп ачты.

Банктар саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын эсебине түшкөн акчасы жана

чыгымдары тууралуу апта сайын маалымат берип турушу керек. Боршайком өз кезегинде,

бул маалыматты ачык жарыялап турат. Өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.