БШК Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо 27 тилкедеги жыйынтыктарды жокко чыгарды

БШК Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо 27 тилкедеги жыйынтыктарды жокко чыгарды.

Түштүк калаада жалпысынан 78 шайлоо участогу иштеди. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү

кеңешке катышкан шайлоочулардын добуштарынын 3/1 жокко чыгарылса шайлоо кайра өтүшү керек.

Комиссия төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов белгилегендей, жыйынтыктарды

жокко чыгаруу чечими жарандарды жапырт каттоого тургузуу жана үгүт эрежелерин бузууларга байланыштуу.

Боршайком чечими президентке жөнөтүлдү, эми өлкө башчы шайлоонун мөөнөтүн кайра аныкташы керек.

Эске салсак, 11-апрелде өткөн шайлоодо Ош шаардык кеңешке 9 партия ат салышып, төртөө гана өткөн.