Бишкекте гуманитардык жардамды туура эмес бөлүштүрүү боюнча
№19-муниципалдык аймактык башкармалыкка кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирет.
Анын айтымында, тиешелүү жетекчи кызматынан бошотулду.
Азык-түлүк топтому кээ бир муктаж жарандарга жеткен эмес.
Ал эми кээ бирлерине бир нече ирет кайталанып берилген.
Учурда дагы бир муниципалдык аймактык башкармалыктын
жетекчиси жыйынтык боюнча көрсөтмө берип жатат.