«Эркечтам» жана «Торугарт» бекеттери аркылуу өткөн унаалардын саны 3-декабрдан тартып көбөйтүлөт

«Эркечтам» жана «Торугарт» бекеттери аркылуу өткөн унаалардын саны 3-декабрдан тартып көбөйтүлөт.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жүк ташуучу унаалардын көбөйүшү болжол менен
суткасына 30га жакын. Тиешелүү макулдашуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Артем Новиков жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь ортосунда жетишилди.
Жолугушууда андан тышкары, Кытай тарап бекеттин жумуш убактысын
8 сааттан 12 саатка чейин көбөйтүүнү,
ошондой эле өткөрмө түйүндү дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.