Тоң районунда 3 эм ымыркай жарык дүйнөгө келди

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда үч эм ымыркай жарык дүйнөгө келди.

 

Маалыматка ылайык, үч эм кечээ, 28-июнда Тоң районунда жарык дүйнөгө келген, алардын экөө уул, бирөө кыз. Үч эмдин апасы Кара-Талаа айылынын тургуну 36 жаштагы Айбарчын Бегалиева. Наристелер 1 килограмм 920 граммга чейинки салмакта төрөлгөн.

Айбарчын буга чейин эки уулду жарык дүйнөгө алып келген.