Референдумдун расмий жыйынтыгы 2-майдан кийин жарыяланат

Референдумдун расмий жыйынтыгы 2-майдан кийин жарыяланат. БШКдан билдиришкендей, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана референдум үчүн эки башка бюллетень даярдалат.

 

Добуш берүүгө келгендер дагы эки башка саналат.

 

Эске салсак, шайлоолор 11-апрелге белгиленди. Бул күнү 448 жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланат, ал эми референдум боюнча бюллетенде бир суроо берилет – Негизги мыйзамдын редакциясына өзгөртүү киргизүүнү колдойсузбу: жарандар ооба же жок деген варианттардан тандоо жасайт.