Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо күнү бекитилди. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Ош, Каракол жана Токмок шаардык кеңешине шайлоо ушул жылдын 12-апрелинде өтөт.
Андан тышкары, бир нече айылдык, шаардык кеңештердин курамы алмашат. Алсак, Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештери, Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок, Жерге-Тал кеңештери, Чүйдүн Арашан, Милянфан айыл кеңештери бар. Ал эми парламенттик шайлоону өткөрүү 4-октябрга белгиленди.