Республика боюнча 25 мектептин окуучулары онлайн режимде окуп жатат.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алардын 10у Чүйдө, 8и Жалал-Абадда,
4өө Баткенде, 2өө Бишкекте. Андан тышкары, Ысык-Көл облусундагы дагы бир объект
башка оору катталганы үчүн аралыктан иштеп жатат. Ведомстводон белгилешкендей,
билим берүү мекемелеринин убактылуу жабылышы эпидемиологиялык кырдаалга
байланыштуу жана алардын онлайн режимде иштеши негизинен 2 жумагы созулат.
Учурда өлкө боюнча жалпысынан 2 миң 300дөн ашык мектеп бар.