Кыргызстанда президенттик-инновациялык мектеп пайда болот

Кыргызстанда президенттик-инновациялык мектеп пайда болот.

Бул тууралуу Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-23-жылдарга карата

программасы менен тааныштырып жатып билдирди. Объектинин курулушу Воронцовка айылында

быйыл майда башталат. Долбоорду ишке ашырууга демөөрчү табылды, — деп белгиледи министр.

Жаңы мектепте 700 балага билим алууга шарт түзүлөт. Андан тышкары, аймактардагы жакшы

окуган балдарды дагы мектепке тартуу пландалууда. Бирок мектеп качан ачылары жана

билим берүү кандай негизде жүргүзүлөрү айтылган жок.