Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылына карата эки вариантты даярдап жатат.
Биринчиси — балдардын мектепке барып билим алуусу, экинчиси — аралыктан окутуу.
Ведомстводон билдиришкендей, учурда жаңы видео сабактардын планын иштеп чыгууга
методисттер жана аны өтө турган мугалимдер бекитилди.
Видео сабактарда негизги темалар гана айтылат.
Калганын мугалимдер тереңдетип түшүндүрүп бериши керек, — дешти министрликтен.