Республика боюнча 283 санитардык-карантиндик түйүндөр иштеп жатат.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, коменданттык саатты ишке ашыруу боюнча өлкө аймагында
Куралдуу күчтөр менен биргелешкен 53 көзөмөл-түйүн уюштурулду.
Кошумчаласак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Кара-Суу,
Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 8ден кийин көчөгө
чыгууга тыюу салынды. Коменданттык саат 15-апрелге чейин уланат.