Республика боюнча мугалимдердин көбү эмдөөдөн өттү

Республика боюнча мугалимдердин көбү эмдөөдөн өттү.

бала бакча тарбиячыларынын 80 пайызы, мектеп мугалимдеринин

70 пайызы коронавируска каршы эмделди, — деп билдирди Билим берүү

министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева. Ошондой эле баштапкы жана

орто кесиптик билим берүү жайларынын окутуучуларынын 60 пайызы жана

жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин 55 пайызы коронавируска каршы эмделди.

Айрым мекемелерде вакцинация толук жүргүзүлдү. Белгилеп кетсек, буга чейин

мугалимдердин 70 пайызы вакцина алса мектептер 1-сентябрда ачылары айтылган.

Учурда Билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтери эпидемиологиялык

абалды эске алуу менен жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө.