Кыргызстанга «QazVac» казак вакцинасынын 25 миң дозасы келди.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Аталган вакцинаны 18 жаштан жогорку бардык каалоочулар алса болот.
Биринчи жана экинчи дозанын ортосундагы аралык 21 күндү түзөт.
Кошумчаласак, «QazVac» вакцинасы Казакстанда иштелип чыкты.
Бүгүнкү күнгө карата препарат менен 300 миңден ашык казакстандык
эмделди. Каршы көрсөтмөлөр катталган жок.