Кыргызстанда бир сутка ичинде 15 бейтап коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, вирустан айыккан 4 адам Бишкектен, алтоо Ош облусунан, бирөө Ош шаарынан, бирөө Нарындан болду. Республика боюнча бүгүнкү күнгө коронавирустан жалпысынан 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.