Республикалык штаб коронавирус ревакцинациясынын зарылчылыгы тууралуу эскертет

Республикалык штаб коронавирус ревакцинациясынын зарылчылыгы тууралуу эскертет. Кеп, өткөн жылы биринчи жана экинчи доза менен эмделгендер жөнүндө болуп жатат.

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинация үчүн Pfizer жана Sinopharm препараттары жеткиликтүү. Эмдөөнүн алгачкы курсун жана бустердик дозасын үй-бүлөлүк медицина борборлорунда алса болот. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда коронавирустун соңку учуру туура бир ай мурда, 1-майда катталган.