Бишкекте үстүбүздөгү жылдын бюджети бекитилди

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын бюджети бекитилди. Мэриянын маалыматына ылайык, киреше жана чыгаша 15 миллиард 22 миллион сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгү, 9,5 миллиарды бул муниципалитет бюджети.

 

Калган каражат райондук администрациялар арасында бөлүштүрүлөт. Сумманы туура багыттоого жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилигине жүктөлөт.