Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ала-Бука—Каныш-Кыя жана Красная-Горка—Акташ унаа жолдоруна кар массалары түшүшү мүмкүн.
Кар көчкү коркунучу бери дегенде 6-февралга чейин уланат.
Бул жолдор аркылуу өткөн айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.