Куткаруучулар айдоочуларды рулда өтө этият болууга чакырат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн жана эртең аба ырайынын начарлашына, жаан-чачынга жана шамалга байланыштуу жол кыймылынын кыйындашы, ошондой эле унаа тыгындары жана өзгөчө кырдаалдар пайда болушу күтүлөт.
Айдоочулар ылдамдыкты чектен ашырбай, жол эрежелерин так сактоосу зарыл.