Кыргызстандын фехтование боюнча спортчусу Роман Петров Олимпиада
оюндарында 32-орунду ээледи.
Ал кечээ, 25-июлда күч сынашкан.
Петров 1/32 финалдык баскычта түштүк кореялык спортчуну жеңген.
Бирок кийинки баскычта фехтование боюнча дүйнөлүк рейтингде
4-орунда турган япониялык Ямада Масару менен беттешип,
жеңилүү ызасын тартты.
Жыйынтыгында алтын медалды Франциянын спортчусу жеңсе,
Петров 36 спортчунун ичинен 32-орунду ээледи.