Кыргызстан боюнча күнү-түнү эмдөө түйүндөрү иштеп жатат.
Бишкекте үчөө — №5-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда №15 жана
студенттик бейтапканада, — деди Мамлекеттик санэпидемиологиялык
көзөмөлдөө борборунун бөлүм жетекчиси Бурул Асыкбекова. Ал эми
Ош шаарында: тез жардам кызматында, “Ак Тилек” жана шаардык
бейтапканада, Ысык-Көлдө экөө – Караколдун медициналык колледжинде жана
Чолпон-Атадагы шаардык бириккен ооруканада болсо, Жалал-Абадда:
үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда. Белгилеп кетсек,
өлкө боюнча 914 убактылуу эмдөө түйүндөрү иштеп жатат.