Роспотребнадзор учактарды толтурууга уруксат берди

Орус бийлиги пандемия убагында учактарды жарым-жартылай гана толтуруу жөнүндө талабынан баш тартты. Бул тууралуу «Коммерсантъ» гезити Роспотребнадзорго шилтеме менен кабарлады. Кардарлардын укуктарын коргоону көзөмөлдөгөн мекеменин өкүлү россиялык авиация карантиндик чектөөлөрдү алуу боюнча даярдаган сунуштар макулдашылганын гезитке айтып берди. Анда билеттердин жарымын гана сатуу жөнүндө талап жок.

Ал эми Росавиация гезиттин суроолоруна жооп берген жок.

 

Буга чейин жүргүнчүлөрдү социалдык аралыкты сактоо менен отургузуу жөнүндө талап авиакомпанияларды нааразы кылган. Анткени каттамдын өзүн финансылык жактан акташ үчүн учак кеминде 70% толушу керек. Ассоциациялар учактар толбосо билеттер кымбаттап жана рейстер азайышы ыктымал деп эскертишүүдө.

Пандемиядан улам эл аралык жана ички каттамдар токтоп же кыйла чектелип калды. Жүргүнчү ташыган компаниялар ири чыгашага учурап келатышат.