Ысык-Көлдөгү пансионаттардын ээлери санитардык нормаларды сактабаса, айыпка тартылат

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын ээлери санитардык нормаларды сактабаса, айыпка тартылат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарымдуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

 

Эске салсак, эс алуу үйлөрүнө туристттерди кабыл алуу боюнча бир катар эрежелер иштелип чыкты. Алсак, эс алып жаткан адамдардын дене табы күн сайын текшерилиши керек.

 

Пляж жабдуулары санитардык тазалоодон өткөрүлүп, ортолорундагы коопсуз аралыктын сакталышы маанилүү. Ушул жөнөкөй эрежелерди сактоодо гана пансионаттарга эс алуучуларды кабыл алууга уруксат берилет.