АКШдагы башаламандыкта 4 миңдей киши кармалды

АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу башаламандык учурунда полиция 4 миңдей адамды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып РИА Новости жазды.

Учурда коменданттык саат жарыяланганына карабай, көчөлөрдө минтингдер өтүүдө. Ызырынган эл дүкөндөрдү тоноп, полициянын кууганына карабай көчөдө жүрөт. Өлкөнүн 21 штатында нааразы болгондордун демин басуу үчүн Улуттук гвардиянын аскерлери иштеп жатканы айтылат.

Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялар башталган.

Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Бирөөнүн тизеси моюн жакка туш келген. Флойд бир нече жолу дем ала албай, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот. Эркек киши реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө «кокусунан өлүмгө дуушар кылган» деп айып тагылууда. Ал арада АКШ президенти Флойдду кармаган полиция кызматкерлеринин жоругун «акылга сыйгыс» деп атаган. Башаламандык күч алганда бийлик бир нече шаарга коменданттык саат киргизген.