Россия чет элдиктерге жана жарандыгы жоктор үчүн өз аймагында жүрүү мөөнөтүн 2021-жылдын жайына чейин узартууну пландап жатат

Россия чет элдиктерге жана жарандыгы жоктор үчүн өз аймагында жүрүү мөөнөтүн 2021-жылдын жайына чейин узартууну пландап жатат.

 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин миграция суроолору башкармалыгынын башчысынын орун басары Кирилл Адзинов билдирди.

 

Ал белгилегендей, бул коронавирус пандемиясына байланыштуу. Эске салсак, буга чейин Владимир Путин чет элдиктерге Россия аймагында 15-декабрга чейин жүрүүгө уруксат берген.