Кыргызстанда июнь айынан бери кызамык менен ооруган жаран каттала элек

Кыргызстанда июнь айынан бери кызамык менен ооруган жаран каттала элек. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, январдан май айына чейин 730 учур катталган. Июнь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин кызмамык токтоду, — деп белгиледи Ишенапысова.

 

Эске салсак, кызамык – өтө жугуштуу оор илдет. Балага төрөлгөндөн тартып 11 жашка чейин дээрлик 10 эмдөө жүргүзүлүшү шарт. Анн арасында кызамыкка каршы да болушу зарыл.