Кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен жана шаардык бюджеттен
74 миңге жакын үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилди. Бул бүгүнкү күнгө
карата жардам алган үй-бүлөлөр экенин ордо калаа мэриясынын аппарат
башчысы Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, аз камсыз болгон
үй-бүлөлөргө күнүмдүк жашоого зарыл болгон азык-түлүк жеткирилүүдө.
Мындан тышкары Сокулук жана Аламүдүн районуна караштуу жаңы конуштардагы
эки жарым миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди, — деди Түлөбаев.